БШК КСДПнын депутаты ТЭЦтин ызы-чуусу боюнча Осмонбек Артыкбаевдин соттолгондугуна байланыштуу мандатынан ажыратканы маалым болду. Анын ордуна тизме боюнча Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп бир нече жылдан бери иштеп келаткан Дүйшөн Ирсалиев келмек. Бирок Дүйшөн мырза депутаттык мандаттан баш тартыптыр. Мамлекеттик кызматтын майын чыгара иштегенди жактырган Дүйшөн мырза, мөөнөтү бүтүп бараткан бул чакырылыштын депутаты болгусу келген жок окшойт. Балким Бишкек ЭЭАда баштап коюп, аягына чыга эле бир топ мыкты долбоорлору бар чыгаар.

Эми тизме боюнча кезек жакында эле Жогорку Кеӊештин аппарат башчылык кызматтан кетип, үйүндө өргүп жаткан Самат Ибраевге жетиптир. Самат мырза, анысыз деле бир канча жылдан бери ЖКнын аппаратын башкарып, ошол жерде депутаттардай эле жүрчү. Эми октябрь айына чейин чыныгы депутат болгону калды. Эмнеси болсо да эл үчүн иштешсин дейли…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here