ЖКдагы «Респулика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов кичи мекени Жумгалга жана жолдо посто турган кызматкерлерге жардам көрсөтүп жатканын өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Ал:

» Элибиз Коронавирус менен күрөшүү үчүн өз үйлөрүнө отурушту, мамлекеттик кызматкерлер болушунча элибизге жардам берүү үчүн өз иштерин токтотпостон иштеп жатышат. Күн, түн дебей элибиздин саламаттыгына кам көрүп, өз үй-бүлөсүн дагы көрбөй, ден соолугун, өмүрүн тобокелге салган биздин дарыгерлер баатыр десек жаңылышпайм. Өлкөбүздөгү акыркы айдагы болуп жаткан кырдаал бизди ойлондурбай койбойт.

Бүгүн мен кичи мекеним Жумгалымдын дарыгерлерине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн жол тартып жатам.» — деп билдирген.

Береги сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай депутат азык-түлүк жана медициналык керектүү жабдыктардан жарадм көрсөтүүнү чечкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here