Кыргызстандын алдыӊкы курулуш компанияларынын бири болгон «Имарат стройдун» негиздөөчүсү, КРнын эмгек сиӊирген куруучусу Бейшенбек Иманалиев короновирус илдетине каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штабга 1 миллион сом которгону маалым болду. Эске сала кетсек, Бейшенбек мырза, мындай кыйын учурларда четте карап турбастан, ар дайым жардам көрсөтүп келаткан инсандардын бири.

Буга чейин республикалык штабга чогулуп жаткан акча 105 миллион сомдон ашканы кабарланган. Анын 38, 5 млн. сому короновирус илдети менен күн-түндөп күрөшүп жаткан дарыгерлерге кошумча айлык катары бериле баштаганы айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here