Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 366 миңден ашты. 10 миңден ашуун киши каза болуп, 20 миңге жакыны сакайып чыкты.

Ак үйдөгү медициналык эксперттер бардык чаралар сакталганына карабай коронавирустун курмандыктары 100 миңден 200 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин божомолдошкон. АКШ COVID-19 дан каза болгондордун саны боюнча үчүнчү орундагы өлкө болуп калды. Италияда 16 миң, Испанияда 13 миң киши жугуштуу илдеттен көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккандар 1 млн. 300 миңге жетти. 74 миң каза болуп, 276 миң адам бул илдетти жеңип чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here