7-апрелге карата борбор калаа Бишкекте коронавирус аныкталган адамдардын саны 25. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов маалымдады. Мэр бир таксист бул илдетке чалдыкканын билбей жүрө берип, аялына, кыз-күйөөсүнө, эки уулуна жана бир небересине жуктурган. Андан башка дагы бир адам үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүнө жуктуруп алган. Бүгүнкү күндө борбор калаада 1756 адам обсервацияда же үй карантининде отурат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ, 14 күндөн кийин анализи таза чыкса алар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнөн чыгарылат. Буга чейин 1359 адам көзөмөлдө болуп, чыгарылды.

7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 228 адамдан табылды, алардын төртөө каза болду, 23ү айыгып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here