6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 катталган жаңы учурдун саны 69 болду. Коронавирус жукканы аныкталган дагы эки адам көз жумду. Бул тууралуу 6-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Алар экөө тең ооруканада, стационардык дарыланууда болчу жана абалын доктурлар оор деп мүнөздөп жатышкан. Дагы беш бейтаптын абалы оор экени айтылды.

Бул илтетти жугузгандар:

Ош облусунда – 47
Бишкекте – 5
Чүй облусунда – 1
Нарын облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 1
Баткен облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 13.

Министрдин айтымында, бул адамдар баары обсервацияда жаткандар.

Ошентип, 6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 216 адамга табылды. Буга чейин COVID-19 вирусу аныкталган эки кыргызстандык каза болгон.

Областар боюнча:

Жалал-Абад – 80 адам
Ош шаары жана Ош областы – 94 адам
Бишкек – 25
Баткен – 4
Нарын – 5
Ысык-Көл – 3.
Чүй — 5.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here