Жогорку соту 6-апрелден 13-апрелге чейин карантинге жабылганын жарыялады. Жарандар Жогорку сотто каралуучу иштердин графигин төмөндөгү телефондор аркылуу билсе болот/ Жазык иштери боюнча — 0 312 66-35-01, Административдик жана экономикалык иштер боюнча — 0 312 66-34-29, Жарандык иштер боюнча — 0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29.

Коронавирус илдетине байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими жарыяланган. Буга чейин Кыргызстандын сот органдары өзгөчө абал шартында кадимки тартипте иштей берерин билдиришкен. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here