3-апрелде жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлор Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын постунан «Мерседес-Бенц-316» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны токтотушкан.

Айдоочу, Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну инспекторлорго азык-түлүк алып баратканын айткан. Бирок автоунааны текшерген учурда анда 11 жүргүнчү бар экени аныкталган.

Ушул эле күнү милиция кызматкерлери Түп айылындагы посттон «КамАЗды» токтоткон учурда, анын ичинен 23 жүргүнчү чыккан. Айдоочу алар картөшкө жүктөгөнү бараткан жумушчулар экенин айткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here