Экс- премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Бишкектеги №1 абакка которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов маалымат таратты . Ал соттун өкүмү күчүнө киргендиктен Исаков абакка которулганып айтып, которуу туура эмес деп билдирген.

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу башка соттолгондор дагы тергөө абагына которулдубу же жокпу азырынча белгисиз.

Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз аткаминер «Коррупция» беренеси менен өткөн жылдын 6-декабрында соттолгон.

Свердлов райондук соту р Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган. Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып келишет.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here