КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев “Фейсбук” бракчасына учурдагы абал тууралуу өткөндө эле “Бул жашоодо эч ким эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес!” деп өз пикирин жазганда аны сындагандар абдан арыбн болгон. Эми ал сындарга жооп иретинде төмөндөг оюн ортого салды:

-Кечээги посттун башы орой, балким… Бирок, дал ошол посттун башы ачуу чындык! Ооба, мен дагы элмин. Бирок, мен кээ бирөөгө окшоп «тигил бай эмнеге бизге жардам бербейт, бул миллионер эмнеге жардам берей олтурат» деп кыйкырган жокмун. Кээ бири жардам берсе, “бул арам акча, элдин акчасын кайра элге берип атат” дегендер дагы жок эмес. Мына посттун маңызы ушул жерде, ал акчасы бар неме бизге жардам бербей койсо деле болот, милдеттүү эмес. Бирок, берген нерсени “рахмат” деп алып коюп, бербегенден фейсбукту жаңыртып суранбай эле коёлу деген пост. Тилекке каршы, посттун маанисин, мындайча айтканда реактивдик акыл менен калчап түшүнгөндөрдү окуп түңүлөсүң. Акыл менен логикалык, аналитикалык ой жүгүрткөн замандаштар өтө аз экен. Эч нерсе эмес, кеч болсо да түшүнөбүз.
Ал эми милдет боюнча.. Казанына келип эч ким нан салып бербейт, салып бериши мүмкүн – эгер ал кайрымдуулук кылгысы келсе… Бирок ага ал милдеттүү эмес бербесе болот, өз эрки. Байбы же кедейби сага жардам берип жатса анын ыйманынан, жүрөгүнөн деп алкыш айталы. А бербесе “бер эле бер” деп тооруган бул кыргыздын кулк-мүнөзүндөгү жок нерсе. Башты бийик көтөрүп сабыр менен жениш керек.
Ал эми кээ бирөө такыр эле Бек жардамга каршы деген пикирлер жүрөт. Адам болгон соң жакындарың, туугандарың, жоро-жолдоштор менен жардам, жөлөк-таяк менен жашайсың, бул постто кеп ал жөнүндө эмес…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here