«Дордой» ассоциациясына караштуу «Dordoi Plaza» соода борбору короновирус илдетине чалдыгышкан адамдарды дарылап жаткан дарыгерлерди колдоо максатында 1 миллион сом каражат жардам көрсөтүп жатканы маалым болду. Бул каражатка керектүү буюмдар алынмакчы.

Эсе сала кетсек, Аскар Салымбеков башында турган «Дордой» ассоциациясы короновирус илдетин жеӊүүгө биринчилерден болуп жардам көрсөтө баштаган. Буга чейин 100 миӊ медициналык бет кап сатып алуу үчүн миллион сом жардам көрсөткөн. Ошондой эле «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине 3 миӊ медициналык бет кап тараткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here