3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы тогуз адам аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Штаб бейтаптар кайсы аймакта экенин тактаган жок.

Ушуну менен өлкөдө жалпысынан СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 125 адамга жетти. Вирус жуккан бир адам бүгүн каза болгону кабарланды. Маркум Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккандар 1 миллион кишиге жетти. Бул эпидемиядан каза болгондор 52 миңден ашты. 210 миңден ашык адам айыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here