Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз жүрүүгө уруксат берүүчү өткөрмө кагазын мыйзамсыз жазып берүүгө шектүү катары камакка алынды. Бул тууралуу 2-апрелде УКМК кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери бул үчүн акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. УКМК ал жеке компаниялардын биринин өкүлүнөн санитардык жана блок посттордон өтүүгө уруксат берүүчү өткөрмө жазып берем деп, 200 доллар пара талап кылган деп эсептейт.

Сотко чейинки өндүрүш Жазык кодексинин «пара талап кылуу» беренеси менен козголду. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here