«Кыргыз почтасы» пенсионерлерди үйдөн чыкпоого чакырып, бул жолу пенсия ар биринин үйүнө жеткирилип берилерин жарыялады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта республиканын бардык аймактарында почта бөлүмдөрү 9-апрелде ачылары, почточулар ошол эле күнү пенсияны тарата баштай тургандыгы белгиленди.

Маалыматта: коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында бардык почта бөлүмдөрү жана кызматтык автоунаалар дезинфекциядан өткөндүгү айтылат. Бул үчүн 1800 атайын кийим, 10 миң беткап, 8 миң мээлей жана 920 литр антисептик сатылып алынган.

Мамкаттоонун кайрылуусунда: «Өтүнөбүз, үйдөн чыкпаңыздар! Почточулар ар бириңердин үйүңөргө барып, пенсия же жөлөкпулду жеткирип берет. Эгер зарыл болсо дем алыш күндөрү да иштешет», деп айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here