Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш боюнча депозиттик эсепке 1-апрелге карата 80 миллион 552 миң сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымат таратты

Өлкөдө коронавируска каршы депозиттик эсепке колунда бар адамдар, мамлекеттик жана жеке компаниялардын кызматкерлери айлыгынын эсебинен акча которушууда. Буга чейин өкмөт бул каражаттын ачык-айкын колдонулушун камсыздоо максатында бөлүштүрүү комиссиясын түзгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Буга чейин бөлүштүрүү комиссиясы топтолгон каражаттын бир бөлүгүн, тактап айтканда 38 миллион сомдон ашыгын коронавирус аныкталган аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча айлык катары берүүнү чечкен.

31-мартка карата Кыргызстанда 116 адам коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен беш адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда 1708 адам обсервацияда жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here