КРнын эмгек сиӊирген артисти Бек Борбиев көпчүлүккө анчалык жага бербеген оюн ортого салды.   Аны төмөндө толук беребиз:

-Бул жашоодо эч ким-эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес! Ачуу чындык, дүйнөнүн жазылбаган мыйзамы ушундай. Керек болсо мамлекет дагы белгилүү маселелерде гана жардам көрсөтө алат, менеджер катары, баарыбызга акчасы да жетпейт. Бул илдет күчтүү өлкөлөрдүн  дагы айласын кетирип турат, биздин эле эмес. Ушул убакта элге өз чөнтөгүнөн акча чыгаргандарга алкоо сөз айтып , рахмат деп тургандын ордуна, бул уурдаган акчасын кайра бизге берди, а эмнеге тигил бай бербейт, берсин деп чанжыраганыбыз туура эмес. Адам жараткандын жана энесинин алдында гана милдеттүү, эгер ал башка дагы бирөөгө жардам берип жатса демек ал анын ыйманынан, чын жүрөгүнөн деп билелик. Бүт дүйнө элинин башына түшкөнүн бизда көрөбүз, башка арга жок, адамдык сапаттан кетпей, сабырдуу карманалы!…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here