Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча, тагыраагы, парламенттик же президенттик башкарууга өтүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап чыкты.

Мыйзамдын долбоору 1-апрелден тарта коомдук талкууга коюлду.

бүткүл элдик добуш берүү 2020-жылдын 4-октябрына белгилениши керек. Бюллетенде “Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын колдойсуз?” деген суроо жана жооптун эки варианты: “президенттик”,  “парламенттик” деп көрсөтүлөт.

Эл өкүлү Боршайкомдун божомолу боюнча Жогорку Кеңешти шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтсө, референдумду дагы ошол күнгө, 4-октябрга белгилесе болорун кошумчалаган.

Мыйзам долбоору менен төмөндө толук таанышыӊыздар:

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу”

Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүн жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Мыйзамды кабыл алат.

1-берене

Кыргыз Республикасынын бардык аймагында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2020-жылдын 4-октябрына,  жекшемби күнгө дайындалсын.

2-берене

Добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону төмөнкүдөй берүү бекитилсин:

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын Сиз колдойсуң?

— Парламенттик           Ооба                             Жок

— Президенттик           Ооба                             Жок         

(тандап алынган квадраттагы жоопко тиешелүү белгини коюңуз)».

3-берене

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу боюнча:

1) референдумду уюштуруу, материалдык жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин;

2) референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен  референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылсын, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка системалуу түрдө маалымат берип турсун.

4-берене

Ушул Мыйзам 2020-жылдын 3-июлунан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here