Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө текшериш үчүн атайын лаборатория иштей баштайт.

Бул демилгени ишкер Бабур Төлбаев колдоп, 84 миң 460 долларды керектүү жабдуу сатып алууга, 65 миң долларды вирусту аныктоочу тесттерди алыш үчүн которгону маалым болду

Долбоорду ишкерлер менен бирдликте коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги чогуу жүргүзөт. Жакында «Бонецкий» диагностикалык лабораториясында коронавирус текшериле баштайт. Буга керектүү жабдыктар, материалдар, реагенттер сатып алынып, Кытайдан атайын адистер чакырылат.

Долбоордун биринчи этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 50 миң лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл. Ал эми экинчи этапта 40 миң адамды текшериш үчүн 1 млн. 381 миң АКШ долларын чогултуш керек.

Демилгелүү топ ишкерлерди жана меценаттарды бул маанилүү долбоорду колдоого чакырууда. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here