Буга чейин Бишкек мэриясы 650 млн. сомго 100 автобус сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Ал тендерге катышууга февраль айында 7 компания арыз берген. Сынакты мэрияга караштуу Бишкек  Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын  жетекчиси Нурлан Койчубаков өткөргөн. Бүгүн сынакка катышкан Beiqi Foton motor Co, LTD команиясы мекемелер аралык түзүлгөн комссияга каршы доо-арыз жазды. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуу порталынан маалым болду.

Маалыматта: аталган компания сынакты өткөргөн тараптын өздөрүнө карата айтылган квалификациялык талаптарга жоо бербейт деген дооматына макул эместиги айтылган. Чынында бул болбогон бир шылтоо экен. Себеби, сынактын жүрүшүндө Beiqi Foton motor Co, LTD команиясы мэрия тараптан коюлган 25 квалификациялык талаптарды аткарууга толук мүмкүнчүлүгү бар экени мурун эле белгиленген. Бирок кызыгы сынактын жүрүшүндө кайсы талапка жооп бербей жатканын ачык билдиришкен эмес. Демек, бул жерде мэриянын баягы эле боло жүргөн коррупциялык схемасы жеӊип кеткендей…

300 миллиард долларды чапчыйт

Арызда: » Beiqi Foton motor Co, LTD компаниясы машине кура турган Кытайдагы эӊ чоӊ компаниялардын бири. Анын дүйнөнү 24 мамлекетинде машине кура турган ишканалары бар жана жүгүрткөн каражаты 300 миллиард долларды чапчыйт» -деп жазылып, далилдүү маалыматтар берилген.

Кымбат баа сунуштап, жеӊүүчү болгон компания кимдики?

Мэриянын өткөргөн сынагында жеӊүүчү катары Xiamen king long united automotive industry Co., LTD, компаниясы таанылган. Ал Бишкекке 100 автобусту 597 миллоин 707 миӊ 100 сомго ( 8 млн. 199 доллар) алып келе турганын билдирген. Ошондо 1 автобустун баасы 5 миллион 977 миӊ сомду чапчыйт. Доллар менен эсептегенде дээрлик 82 миӊ доллар.

Арзан баа: 51 миллион сом үнөмдөлмөк…

Ал эми мэрия бул Xiamen king long united automotive industry Co., LTD, компаниясынан айырмаланып алда канча арзан баа сунуштаган Beiqi Foton motor Co, LTD компаниясы четке сүрүп салгандын өзүндө бир мандем бар. Бул компания 100 автобусту 546 750 миӊ сомго, же доллар менен алганда 7,5 миллионго алып келмек. Ошондо бир автобустун баасы 5 миллион 467 миӊ 500 сом, же 75 миӊ доллар болмок. Бир сөз менен айтканда мэрия 100 автоубсту жалпы баасынан 51 миллион сомго арзан алып келе турган компанияны жолдон чыгарып, 51 милионго кымбат баага сатып келе турган компанияны колдоп жатканын кандай түшүнсөк болот.

Эми өзүӊүз салыштыра бериӊиз. Мэрия бир автобусту 82 миӊ долларга алыш керекпи, же тендердин шарты менен 75 миӊ долларга алууга тийишпи. Ортодо 100 автоубстун ар биринен 7 миӊ доллар кимдердин чөнтөгүнө түшөт? Бул деген дээрлик 700 миӊ доллар. Бул акчага 100 автобустан башка канча автобус сатып алууга болот эле. Бери дегенде 700 миӊ доллар бул 8-9 автобустун баасы эмеспи.

Мыйзамсыз, коррупциялык сынак…

 Beiqi Foton motor Co, LTD компаниясы мэриянын бул өткөргөн тендер-сынагын мыйзамсыз деп эсептейт. Эми элди кураткан Койчубаков Нурлан деген эргулдун «крышасы» жана илгертен берки жан досу мэр Суракматов Азистин өзү. Президент Жээнбеков, өкмөт башчы Абылгазиев мэриядагы ушундай коррупциялык иштерге көӊүл буруп, укук коргоо органдарына тыкыр иликтештиши зарыл. Мамлекет азыр короновирус деген жаман илдеттен жама чегип,Ю экономикага абдан оорчулук келип турганда элдин акчасына сатылып келе турган 100 автобустун ар биринен 7 миӊ долларды мэрия чоӊдору сол чөнтөктөрүнө сологону турабы? Айтор, бул жагын катуу иликтетпесе болбойт…

Суракматов, Койчубаковдордун кокуй саясаты…

Жалпы коомчулукка маалым болгондой, мэриянын чоӊдору буга чейинки автобус сатып алуудагы иштерде ири суммадагы акчалар максатсыз пайдалангандыгы тууралуу ЖМКларда көптөгөн маалыматтар чыккан. Жогоруда сөз кылган мэрия чиновниги Нурлан Койчубаковдун буга чейин далай былыгы чыккан. Ал тургай 15 миӊ доллар пара сурап, анын бир канча бөлүгүн досу аркылуу алдыруу аракети ачыкталып, натыйжада досу кылтакка илинген. Бирок ал эч жерде иштебеген досу да тез эле бошонуп кеткен. Карачы эй, акчанын күчүн…

Өзү болсо билмексен, периштедей болуп, жумушунда иштеп кала берди. Бул эргул кайрадан ушунтип сынак, тендер маселесинде чалмакейди чалып жаткан учуру. Деги мэрияданы мындаөй өзүм билемдик коррупциялык иштер качан токтойт? Же була элдин жоон терисин сыйрып, канын сүлүк куртатй соро беришеби?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here