Кыргызстанда коронавируска каршы атайын эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы 27-мартка карата 49 млн. 520 миң 447 сомду түздү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алуу үчүн ачылган.

Кыргызстанда 27-мартка карата  жаман илдетти жуктургандардын саны 58 адамга жеткен. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here