Стамбулда жасалма арактан Түркмөнстандын 53 жараны каза таап, дагы 15 киши ооруканада жатат. Алардын айрымдарынын абалы оор. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Стамбулдагы ишенимдүү булактары билдирди.

19-мартта Стамбулда түркмөнстандыктар жапырт ууланганы белгилүү болгон. Алар жасалма арак ичип, 15 киши көз жумганын, алардын көбү Түркмөнстандын жарандары экенин кабарлаган. 60тай киши Стамбулдун ооруканаларында жатканы, көпчүлүгүнүн абалы оор экени маалым болгон.

Түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, түркмөн мигранттарынын көбү коронавирустан коргонуу үчүн колго жасалган арак ичишкен. Үйдө арак жасаган деген шек менен полиция 11 кишини кармаган. Алардын үйүн тинткенде ири көлөмдөгү жасалма алкоголдук ичимдиктер, мыйзамсыз ок атуучу куралдар, ок-дары табылган.

Өткөн айда Иранда болуп, 159 киши каза тапкан. Ирандыктар коронавирустан сактануу үчүн үйдө жасалган арак ичип ууланышкан. Дарыгерлер алкоголдук ичимдиктер COVID-19 вирусунан сактай албай турганын эскертишет. Тескерисинче алар организмди алсыратып, адамдын абалын оорлоштурат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here