Бүгүн Нарын шаарында саат 13:00дөрдө крим авторитет Алмаз Сулайманов (каймана аты Лимонти) бычактап, мууздап кетишкени маалым болду. Бул тууралуу күч ооргандары маалымдашты. Бул кылмышты жасагандыгын мойнуна алып, 2000-жылдары уюшкан кылмыштуу топтун белгилүү мүчөсү болуп келген маркум Имаштын жакыны (бир маалыматта уулу экени айтылууда) милицияга (Лимонтинин сөөгүн машинеге салып алып)өзү келген. Ал Нарындын Ленин көчөсүнөн Лимонтинин машинесин сүзгөн. Лимонти машинеден чыккан учурда, аны бир нече жолу бычак менен сайган.

Маалым болгондой, 1998-жылы Имаш Шамиев менен Шадыбек Абсалиевди өлтүрүп, бензин чачып өрттөшүп, Нарын сууга салып жибергендердин арасында бүгүн киши колдуу болгон Лимонти да бар экени айтылып келген.

Лимонти эки адамды өлтүрүү, тоноо ж.б. кылмыштарга айыпталган. Ага 1999-жылы атууга өкүм чыккан. Бирок өлүм жазасына мораторий кирип калып, жазасы алмаштырылган. 2006-жылдары 30 жылга соттолгон. Бул мөөнөттүн бир топ жылын түрмөдө олтурган. Сулайманов кургак учук оорусу менен ооруйт деген шылтоо менен 2008-жылдары абактан чыгарлыган. Кийин 2013-жылы Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. 

Өткөн жылы Беловдскидеги №16- түрмөдөн Балыкчыдагы жатак абагына чыгарлган.

Бүгүнкү кылмыштан тарылган бул сүрөт интерент айдыӊыӊа тарады…

Анын буга чейин Беловдскидеги түрмөдө жаткан жери коомчулукка көрсөтөлүп, кызуу талкууга алынган.

Жогорудагы тасмдан соӊ Жазаларды аткаруу кызматы Лимонтинин түрмөдөгү хатасы «ал эмес», «мына ушул » — деп тарып көрсөткөн…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here