Соңку күндөрү социалдык тармактарда талкуу болуп жаткан Даниел Ажиев аттуу жаран камакка алынды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматта: 30 жаштагы Ажиев Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) беренеси боюнча шек саналып, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынганы айтылат.

Милициянын маалыматы боюнча, Даниел Ажиев кармоо учурунда баңгизат колдонгону аныкталган. Даниел Ажиев Инстаграмдагы баракчасында видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Ал буга чейин кыздарды веб-камера аркылуу кызматы көрсөтүрүп, акча таап жүргөндүгү аныкталып, милицияга кылтакка илинип, бирок 30 миӊ сом айып төлөп бошоп кеткен

Даниел Ажиев мындан тышкары бир нече видеону социалдык тармактарга жайылткан. Анда ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун ысымын бир нече жолу атап, ага нааразылыгын билдирген. Анын жол кырсыгына катышканын эске салган.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы 2019-жылы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана Токобеков отурган BMW Х7 машинелери кагышып, «Lexus» автоунаасынын ичиндеги төрт киши тең мерт болгон. Депутаттын уулу да жабыркап, ооруканага жатып чыккан.

Токобековдун жакындары бул маалыматты четке каккан. Кийин кырсыкта жабыркагандардын биринин жакындары «доосу жок» экенин билдирген тосмо арыз жазып берген.

Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here