Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу Кеңеши Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 120,9 миллион АКШ долларын бөлдү.   Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 80,6 млн. долларды ыкчам каржылоо инструменти катары жана 40,3 млн. долларды ыкчам насыялоо механизминин рамкасында бөлүү чечимине келген.

Эске сала кетсек, эки күн мурун кыргыз бийлиги эл аралык, дүйнөлүк каржы уюмдарына кайрылып, пандемиядан улам Кыргызстандын экономикасы сезилээрлик запкы тартаарын айтып, каржылык жардам сураган болчу.
Биринчилерден болуп, АКШ, Германия акчалай жана Кытай медициналык каражаттар жагынан жардамдын алгачкы партиясын жиберген. Андан кийин Кытай коронавирустун жайылышына каршы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Республикалык штаб дарыгерлер үчүн медициналык каражаттар келгенин билдирди.

Кытай Эл Республикасынан дарыгерлер үчүн 10 миң респиратордук беткап, бир жолу колдонула турган 100 миң беткап, миң коргонуучу кийимди Саламаттык сактоо министрлиги кабыл алганы жарыяланды.

Орусиянын «Коммерсант» басылмасы расмий Бишкек Москвадан жардам сурап, 100 миң тест системасы жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу 300 ИВЛ аппарат баш болгон өтө эле узун тизме жибергенин жазып чыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here