Кыргызстанда 27-марттын 14:00үнө карата коронавирус жуккан дагы 14 жаңы учур катталды. Алардын жетөө Ош, жетөө Жалал-Абад облусунда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди. Жаңы вирус жуккан 14 адамдын ону — аял, калган төртөө — эркек.

Алардын бешөө — Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер, тогузу — мурда катталгандар менен контакт болгондор. 18-марттан 26-мартка чейин Кыргызстанда коронавирус жуккан 44 адам, алардын алтоо реанимацияда экени айтылган.

27-мартка карата илдет жуккандардын саны 58 болду. Алардын 27си Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда 26, Бишкекте төрт 4 (Чүйдүн Москва районунун бир тургуну борбор калаадагы Жугуштуу илдеттер ооруканасына которулган), Баткен облусунда бир адам.

Айнура Акматованын ушул эле онлайн брифингде билдиргенине караганда коронавирус жуктургандардын жалпы абалы туруктуу. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандар жалпы палаталарга которулушту.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here