Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев мас абалында Патрулдук милициянын кызматкерине кол көтөргөнү маалым болду.

Ал 25-мартка караган түнү «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунанысы менен милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, из жашырууга аракет кылган. Автоунаа токтотулганда анын айдоочусу Жогорку Кеңештин кызматкери Эрнест Молдошев экендиги жана ал мас абалында болгону такталган. Маалыматка караганда мас айдоочу мыйзам талабына баш ийбей, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Натыйжада милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 26-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

Эрнест Молдошев — Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замир Молдошевдин уулу. Замир Молдошев президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп 2012-жылы соттолгон. 

Милицияга кол көтөрдү деген Эрнест Молдошев 24-мартта өз арызы менен жумуштан бошотулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here