Өлкөдө жаралган акыркы кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин кызматкерлери коронавирус менен күрөшүү боюнча дарыгерлер үчүн атайын счетко бир күндүк акы маяналарын которот.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттинин алдындагы «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасы – 3 млн.сом бөлөт.

Өз кезегинде айрым Мамлекттик комитетке караштуу энергокомпаниялар акча — каражат бөлүп дарыгерлерге жардам көрсөткөнгө даяр:

•        ААК «Бишкектеплосеть» – орточо маяна 691 955, (936 кызматкер иштейт);

•        ААК «Электрические станции» – 2,5 млн.сом;

•        ААК  «Востокэлектро» – 700 000сом;

•        ААК «Чакангэс» – 90 000 сом;

•        ААК «Жалалабатэлектро» – 740 000 сомдун тегереги;

•        ААК «Ошэлектро» – 800 000 сом;

•        Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору – 25 000 сом;

Ошондой эле жер казынасын пайдалануучулардан да финансылык жардам которулушу күтүлүүдө.

Коронавирус (COVID-19) инфекциалык оорууну жуктуруп жана аны жайылтпоо үчүн, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети мамлектибиздин жашоочуларынан санитардык нормаларды сактап, уйдо болуусун көптөн — көп суранат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here