26-мартка караган түнү Кыргызстанда коменданттык саат эрежесин бузуп, көчөгө чыккан 320 адамды милиция кармап кетти. Бул тууралуу ички иштер министрлиги басма сөз кызматы кабарлады. Жалпысынан: тогуз автоунаа токтотулган.

Бишкекте 193, Ошто 25, Жалал-Абадда 10, Сузакта 26, Ноокатта 11 жана Кара-Сууда 55 адам.

Маалыматта: “Алардын баарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди” — деп айтылат.

“Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзам боюнча, коменданттык саат талабын бузган адамды милиция же аскердик патруль бул мөөнөт аяктаганча кармап турат, ал эми жанында документи жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here