Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев кызматтан кетип, анын ордуна Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Мындай маалыматты парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта: 2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп иштеп келген Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматтан бошотулганы, анын ордуна төраганын буйругу менен аппарат башчы болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалганы айтылат.

41 жаштагы Сабырбеков 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенген. Ал былтыр коомчулукта талкуу жараткан окуядан соң кызматтан алынган.

Анда Жумабековдун кол тамгасы коюлган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге багытталган кат эң жөнөкөй грамматикалык жана стилистикалык эрежелерди сактабай, ката жазылганы көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Сабырбеков Алмазбекти спикердин агасы Сабыр Жумбековдун баласы деп да жазып чыгышкан. Бирок бул маалымат даана тастыктала элек…

Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин мойнуна алып, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер — анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлаган болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here