Короновирус жукту деп шектелип жаткан бөбөктүн анализи таза чыкканын брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.  Анын айтымында бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат аймактык ооруканаларында жатат.

Бүгүн вирус жуктуруп алган 26 адам Ош жана Жалал-Абад областтарынан катталганы маалым болгон. 

Алар: Сузактан — 9 адам

Ала-Букадан — 2 адам

Ош шаарынан 8 адам

Кара-Суудан — 1 адам

Ноокаттан- 6 адам

Буга чейин вирус 16 кишиден чыккан.

Штаб тараткан маалыматка караганда, мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын-ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдеринен шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).
Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки эки бала бар, алардын ичинен алты жаштагы бир балада, 14 жаштагы бир өспүрүмдө коронавирус инфекциясы аныкталды. Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here