Кыргызстанда бүгүн, 24-март күнү, дагы 26 адамдан аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, вируска кабылгандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, алты жаштагы жеткинчек, 14 жаштагы өспүрүм бар. Дагы бир наристеден вирус шектелип жатканы айтылды. Калгандары 16 жаштан 86 жашка чейинки тургундар.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында, Ноокат аймактык ооруканасында, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жана Баткен облустук бириккен ооруканасында жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here