• Президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаал учурунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтото туруу жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

23-мартта кабыл алынган жарлыкта «Адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле ар бир адамдын ден соолугун коргоо укугун көз каранды эмес демократиялык мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал кечиктирилгис чара көрүүнү талап кылат» деп жазылды.

Шайлоону токтото турууга коронавирустун жайылышынан улам Кыргызстандын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгени, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу максаты негиз болгону айтылды.

Беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 12-апрелде болмок. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышары кабарланган.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар — 6 эркек, 8 аял. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here