Бул тууралуу 23-мартта Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымдады.

Ал:

-Эки бейтаптын абалы орточо оор деп бааланган. Бүгүн 1949-жылы туулган эркек киши реанимация бөлүмүнө которулду. Анын оң жак өпкөсү сезгенип, бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Калгандары да тийиштүү дарыларды алып жатат. Алардын абалы канааттандырарлык, — деди.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 кишиге жеткен. Алар — 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here