Бул тууралуу 23-мартта Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Акматов бул тууралуу:

-Оору жуккан аял жана эркек Ноокат районунун 60 жаштагы тургундары болгон. Алар да умрага барып келген. Ноокат районунун тургундары — аял жана эркек, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Бардык керектүү иш-аракеттер жүрүп жатат. Бул эки жаран менен байланышта болгон адамдар изделүүд, — деди.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен ооругандар 16 кишиге жетти. Буга чейин бул вирус Сузак районунан сегиз, Ноокат районунан үч, Баткен районунан бир кишиге, Бишкек шаарынан эки кишиге жукканы кабарланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here