22-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жаңыдан жугузуп алгандар катталган жок. Бул тууралуу бул коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Маалыматта: өлкөдө COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адам жугузуп алгандыгы айтылган. Сузак районунда сегиз, Ноокатта үч, Бишкек шаарында эки жана Баткен районунда бир адам катталган. Бейтаптардын алтоо эркек, сегизи аял. Жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейин, алар учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Ал эми коронавирус жугузгандар менен байланышта болгон 2628 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Кыргызстанда пандемияны жайылтпоо максатында 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here