22-мартка карата коронавирус жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 307 277 адамга жетти. Анын ичинен 13 048 адам көз жумуп, 92 372си айыкты. Бул вирус дүйнөнүн 180ден ашуун мамлекетине жайылгандыгы буга чейин айтылган.

Биринчи орунда 60 млн. калкы бар Италияда: короновирустан бир суткада 793 адам каза таап, 6557 адам жуктурган. Ломбардии районуну бул вирустун очогу болуп, ал райондо өлгөндөр 3000ден ашкан.

Экинчи орунда Испания: жалпы 25 миӊдей адам жуктурган, анын 5 миӊдейи акыркы суткада катталган. Өлгндөрдүн саны бир суткада 324 адам. «Реал» футбол клубунун мурунку оюнчусу Лоренсо Санс бул илдеттен 77 жашында каза тапкан.

Үчүнчү орунда 80 млн. калкы бар Франция: 1 суткада 112 адам өлүп, жуктургандар 1847 миӊ. Жалпы каза тапкандар 562. Жалпы жугузгандар: 14500гө жакын.

Бритнаияда: жалпы 5000 адам жуктуруп, 233 адам каза тапкан.

Кыргызстанда 14 адамга жукканы маалым.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here