Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус менен натыйжалуу күрөшүү үчүн алкаголь менен тамеки чегүүдөн баш тартууга чакырганын дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. Ал өз билдирүүсүндө:

-Иммундук система жакшы иштеши үчүн таза жана пайдалуу тамакты жегиле. Алкоголду, чылымды жана шекер кошулган сууларды азайткыла. Вирусту жуктурган учурда чылым анын оор формасына өтүп кетишин тездетет.мКүн сайын кеминде 10 мүнөт көнүгүү жасап, денени жибитип туруу керек. Эгер силер үйдөн иштеп жатсаңар, бир эле абалда көп убакыт отура бербегиле. Ордуңардан туруп, ар жарым саат сайын үч мүнөттөн көнүгүү жасап тургула. Учурда коронавирус 65 жаштан өткөндөргө жана 50 жашка чейинки жаш адамдарга бөтөнчө кедергисин тийгизип жатканы байкалууда.

22-мартка карата коронавирус жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 307 277 адамга жетти. Анын ичинен 13 048 адам көз жумуп, 92 372си айыкты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here