Кыргызстанда 22-марттан баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланды. 

Буга чейин Коопсуздук кеңеши премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушун берген.  “Борбор калаага жана башка облустарга блокпостторду коюу, биринчи кезекте керектелүүчү товарларды жана медикаменттерди жеткирүүнүн жол-жобосу аныкталды. Өлкө ичиндеги авиакаттамдардын жана коомдук транспорттун, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалардын иштөө тартиби бекитилди. Ар бир аймактын жетекчиси киргизилген режимдин так сакталышына жооптуу болот. Эң биринчи калкты тамак-аш менен камсыздоо маселесин чечүү шарт. Бизде чет өлкөдөн товар ташып келүүдө эч кандай тоскоолдук жок. Андыктан элибизде тамак-аш жана медикамент тартыштыгы жаралбашы керек”, — деди Абылгазиев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here