Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун айтымында, коронавирус жугузуп алгандардардын бешөө Сузак районунда, бирөө Баткен облусунун тургуну. Учурда алар ооруканага жаткырылып, булар менен байланышта болгондор аныкталууда.

Буга чейин Кыргызстанда алты адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Ошентип, жалпысынан бүгүнкү күндө COVID-19 вирусун жугузуп алгандар 12 адам болду. Буга чейин илдетти жугузуп алгандар Сауд Арабиясына умрага барып келген Ноокат жана Сузак районунун тургундары болчу.

Учурда бул райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланып, жугуштуу илдетти жугузгандар менен байланышта болгондор обсервацияга жаткырылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here