Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы эки адам катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, жуктурган бир адам Франциядан келип, «Манас» эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу. Ал эми экинчиси кичи ажылыктан кайтып, Бишкектеги «Ак-Кеме» мейманканасында изоляцияга алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын баары сырттан келген.

Учурда жалпы 14 киши коронавирус жуктурду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here