Депутат Алтынбек Сулайманов параламентте коронавирус пандемиясы талкууланып жаткан кезде «Оор күндөр күтүп турат. Кылмыштуулук өсөт, дүкөндөр тонолот», — деп айткан. Анын бул кеби ЖМКлар аркылуу элге тарап, сынга кабылды.

ИИМ эл өкүлүнүн айтканы ага абаийир алып келбестигин айтып, баш аламандыкка жол берилбестигин эскертти..

«Акыркы күндөрү дүйнө жүзү боюнча бийлик бутактары калкты тынчтанууга, паникага алдырбоого чакырып жатат. Тилекке каршы, коронавирус Кыргызстанда дагы катталды. Буга байланыштуу биздин жарандар арасында да тынчсыздануу жаралды. Депутаттын айткандары ЖМКлар аркылуу элге тарап жаткандыгына байланыштуу жооп кайтарууга аргасыз болдук. Бүгүнкү күндө ИИМ мамлекеттик органдар менен биргеликте элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Укук коргоочулар күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Башаламандыкка жол берилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өзгөчө маанидеги объектилердин бардыгы көзөмөлдө экени белгиленди.

Мындан сырткары, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жалган маалымат тараткандар колго түшүп жатканы кошумчаланды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here