Коронавирус илдети менен күрөшүүгө жеке жарандар да каржылык жардам көрсөтө баштады.  маселен буга чейин «Бир бол» фракциясынын депутаттары 1 айлык акчаларын Саламаттык сактоо министрлигине которо турганы маалым болгон. Бүгүн ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаев болсо: » Колунда барлар, ишкерлер, акчалуу адамдар кыйналбагыдай суммада каражат чыгарып өкмөткө жардам берели. Мен убактылуу штабдын банк эсептерине азыр 1 млн. сом бөлөм, баарыбыз жардам кылалы. Баарыңарды буга чакырам”- деп чакырык жасады.

Эске сала кетсек, алгач Аскар Салымбеков 150 миң даана беткап жарадм көрсөтөрүн маалымдаган. Андан соң Камчыбек Ташиев 200 миң беткапты Сузаккка барып таратаарын билдирген. Бүгүн Бабанов 5 млн. сом каржы бөлөөрүн билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here