Коронавирус илдети менен күрөшүүгө жеке жарандар да каржылык жардам көрсөтө баштады.  Маселен буга чейин «Бир бол» фракциясынын депутаттары 1 айлык акчаларын Саламаттык сактоо министрлигине которо турганын билдирген. КСДПнын лидери да жалпы депутаттарды бир айлыктарын ушул жаман илдетке каршы күрөшкө которууга чакырган. Бүгүн КСДПнын 28 депутаты бир айлыгын ушул ооруну жеӊүүгө которо тургандыктарын маалымдашты. Алардын бир айлык каражаты 1,5 миллион сомдун тегерегинде болот.

Эске сала кетсек, алгач Аскар Салымбеков 150 миң даана беткап жарадм көрсөтөрүн маалымдаган. Андан соң Камчыбек Ташиев 200 миң беткапты Сузаккка барып таратаарын билдирген. Бабанов 5 млн. сом каржы бөлөөрүн билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here