Европада коронавирус пандемиясынан эң катуу жапа чеккен Италияда 10-мартта киргизилген карантин мурда белгиленген мөөнөттөн узартыла тургандыгы маалым болду. Бүгүнкү күнгө карата өлгөндөрдүн жалпы саны 2 900гө жетти. Бир күндө 475 киши өлүп, эпидемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Италиянын калкы 60 миллиондон ашат. Булөлкөдө вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 35 миңден ашты, 4 миң 25 киши айыкты.

Калкы Италиядан 23 эсе көп Кытайда COVID — 19 вирусу 3 200 кишинин өмүрүн кыйды. 3-орунда 1 100ден ашуун киши каза тапкан Иран турат.

Азыркы чектөөлөрдүн алкагында 3-апрелге чейин италиялыктар жумушка баруу, тамак-аш же дары-дармек алууга же башка, жашоо үчүн эң зарыл иштер үчүн гана сыртка чыга алышат. Азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалардан башка бардык соода түйүндөрү 25-мартка чейин жабылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here