Кыргызстандын коммерциялык банктары бүгүн 19-мартта долларды жана еврону кымбаттаган баада сата баштады. Азыркы кезде «Демирбанк», «Бай түшүм», «Компаньон», «Кыргызстан» банктарынын расмий сайттарында 1 АКШ доллары 85 сомго, 1 евро 92 сомго чыкты.

Бир нече жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Улуттук банк ошолкүнү валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион АКШ долларын 72,90 сомдон сатыкка чыгарган.

Бүгүн эртең менен доллар 73 сомдон, евро 81 сомдон сатылып жаткан.

Улуттук банктын расмий сайтында ушу тапта доллар 72 сом 90 тыйын, евро 79 сом 98 тыйын деп турат. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here