Бүгүн 19-мартта парламентте маалымат берип жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:

-Кечээ президентибиз баш болуп төрага жана фракция лидерлери менен 1,5 сааттай сүйлөштүк. Эл каттоону жылдыралы, бала бакчаларды убактылуу жабалы дедик. Ал эми шайлоо маселеси боюнча бир жуманын ичинде жайылышы кандай болот, ошого жараша кабыл алган туура го. Президентибиз да ошентип айтты. Фракция лидерлери да колдоду».

Ушул тапта Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Үгүт 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here