Бакыйган “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги алмашканын жалпы коомчулук билбей калган учур болду. Буга чейинки жетекчиси Марс Насыпбеков коррупциялык иштерге шектелип жатканын ЖМКлар көп жазды. Бирок кылы кыйшайган жок. Адаттагыдай эле  кызматын тапшырып берип кутулуп кеткен окшойт. Ал эми анын ордуна мындан бир айдан ашык убакыт мурун Шамил Асымбеков дегенде башкы директор кылып дайындашыптыр. Дайындашканы менен өкмөт талапка ылайык ЖМКларга маалымат тараткан эмес. Себеби, Асымбеков өткөн жылы өкмөттүн аппаратын 8 ай башкарып, акыры “КТ Мобайл” ызы-чуусу менен кызматтан алынган. Кыскасы, ызы-чуудан баш чыкпагандар биздин өлкөдө “майлуу” кызматтарды килтейген кара  мышыктай эле баса калышат. Иттики…

Булак:Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here