Эмил мырза  коронавируска каршы иш-чараларды сиз жетектеген да комитет көрүп жатканы маалым. Коронавирустун күчөшү кен казуу, өндүрүш ишин солгундатууга алып келерин билебиз. Сиздер тараптан көрүлүп жаткан иш –аракеттердин айрымдарын  айта кетсеӊиз?

—Өкмөт дагы, президент тараптан да уюшкандыкта иштерди тынымсыз жүргүзүп жатканы жалпы маалым.  Коопсуздук кеӊешинин чечими менен  коронавируска каршы биз дагы өзүбүзгө жүктөлгөн тапшырманы так аткарып, колубуздан келишинче иштерди аткарып жатабыз. Мисалы, Кытайга байланыштуу  25 ишкананын ишмердүүлүгүн жана 13 компаниянын кадр маселесин   тыкыр көзөмөлгө алып, керектүү чечимдерди кабыл алуудабыз.  Жогоруда айткан 13 компанияда 631 Кытайдын жарандары иштейт. Алар жаӊы-жылда өз мекенине чыгып кетишкен болчу. Эми алардын баарын киргизбей, ошол компанияга абдан керектүү эле адисттерди тизмелеп киргизишибиз мүмкүн. Биз тизме түзүп, атайын штабга бердик.

Кайсы ишканалар экенин айта кетсеӊиз?

—Мисалы, ЮКЦ 17 киши, “ Кичи — Чаарат” 15 киши, “Алтын кен” 3 киши. Ал эми 25 компания тууралуу айтсак, алар Кытайдан көбүнчө чийки зат, ар кандай жабдыктарды ташышат. Азырынча алардын ишмердүүлүгү ушул коронавируска байланыштуу болсо да такыр токтоп калууга жол бербейбиз. Себеби, иши Кытай тарап менен тыгыз байланыштуу болгон  компанияларга  керектүү продукцияларды темир жол аркылуу алып келүүсүнө шарт түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул маселе чечилет. Азырынча 1 айдан 3 айга чейин жете турган чийки заттары бар. Башка компаниялардын  талапка ылайык иштөөсүнө шарт түзүү (ар кандай продукцияларды алып келүү ж.б.) максатында Беларусь мамлекетинин бир чоӊ компаниясына биздин Тышкы иштер министрлиги аркылуу кат жолдодук. Буйруса, бул маселе де чечилет деп турабыз.

—Өндүрүш маселесине келгенде  медициналык беткап тартыш болбошун камсыздоо үчүн   силерге да тапшырмалар берилсе керек?

Ооба.Туура айтасыз. Биздин комитет өндүрүш  тармагын да көзөмөлгө алып, иш жүргүзөт да. Ошон үчүн медициналык беткаптарды өзүбүздөн тигип,  элге жайылтуу жагына катуу киришип жатабыз. Мисалы, Ошто “Дастан-стиль” деп аталган ишкана 4-5 кабат беткап тигип жатат. Андай беткапты жууп, үтүктөп көпкө колдонсо болот. Бул боюнча сүйлөшүп жатабыз. Биринчи  5 миӊ чыгарышат, анан акырындык менен көлөмүн көбөйтөт. Ошондой эле Бишкек экономикалык аймагында да бир ишкана тигип жатат. Алар жакынкы аралыкта 50 миӊ маска тигип, сатыкка алып чыгышат. Кыскасы, биз беткап маселеси талкууга түшүп, жок болуп кетпеши үчүн болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Өндүрүш маселесин дагы айтсак, биз Кытайдан кездемелерди көп алабыз да. Коронавирус күчөй баштаганда “Мадина” базарында кездеме саткандар товарларын сатпай, бекитип коюшкан. Ошондон улам, бир аз маселе жаралган. Азыркы күндө ал соодагерлер складдарын ачып, сатып жатышат. Алардын товары жай айларына чейин жетет. Бирок биз ушул учурда керектүү кездеме ж.б. товарларды өзүбүздүн күчүбүз менен даярдап алышыбыз зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here