Ырысгүл,  жаӊы китебиӊ кут болсун! Мен билгенден өзүӊдү ырга арнап келатканыӊа көп болду. Бирок  алгачкы китебиӊди кеч чыгардыӊ окшойт. Эмнеге дегенде сенден кийин ыр жаза баштагандар бир эмес, бир нече китеп чыгарууга үлгүрүштү. Мунун себеби эмнеде?

—Чоң ырахмат. Чыгармачылыкка жаңы гана аралашкандай болгонум менен билинбей алты жылдын жүзү болуптур. Бул аралыкта  көп деле ыр жазган жокмун. Китеп чыгарууга ашыкпадым. Азыр деле чыгаргым келген эмес. Болгону, жаштык кезимдеги, алоолонгон учурдагы ирмемимди өзүмө эстелик кылгым келди. Мурда жалаң эмоция болсо, азыр акылга сала баштадым. Дагы убакыт өтсө бул ырларым жарактан чыгып калчудай болду (жылмайып). Ошол үчүн китеп чыгарып коюуну эп көрдүм. А ыр жазууга чындыгында астейдил мамиле кылам. Жөн гана уйкаштыкка салып, кара күч менен ыр жазгым келбейт. Жан дүйнөм аңтар-теңтер болуп, жазыксыз саптар өзү келгенде гана барак бетине чиймелеп коём.

—Азыркы заманда китеп чыгаруу өзүнчө бир чоӊ түйшүк, андан кийин аны элге сатуу, жайылтуу андан да өткөн чоӊ түйшүк эмеспи. Дал ушул жагы кандай болуп жатат?

Азыр кайсы тармак болбосун баарыбыз эле өз киндигибизди өзүбүз кесип калбадыкпы. Сени канчалык эл тааныса, ырың канчалык элге жетсе ошого жараша болот окшойт. Азыр жаш акындарга кызыгуу күч. Кечелер байма-бай өтүп таанылууга көп мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Ошонун үзүрүн көрүп жатам. Кудайга шүгүр, китептер жакшы эле өтүп жатат. Жан үрөп деле чуркаган жокмун.

—Өзүӊ шыктанган, устат катары эсептеген акындар тууралуу учкай айтып берсеӊ?

Китептен кандай сын окусам, чыгармадан кандай кемчиликтерди байкасам ошону өзүмдүн чыгармачылыгымда кайталабаганга аракет кылам. Ар бир сөздү талдап, ар бир сөзгө маани берем. Мисалы, мен баалаган акындардын бир ыры жакса бир ыры жакпайт. Толук түрдө мобу акын кыйын, же мобу устатым деп айта албайм. Кээде менин ошол учурдагы эмоцияма жараша жөнөкөй эле сөздөн куралган бир ыр жагып калышы мүмкүн.

—Талант Жараткандан берилет, ага-туугандан, ата-энеден өтөт деген кеп бар. Сага берилген таланттын “изин” кайдан деп билсек болот?

Жараткан мага күтүүсүз белегин тартуулады. Акындыкка кызыгуум жок кезде ыр жазып баштадым. Талантымдын “изи” балким тукубуздагы ыр жазган адамга барып такалышы мүмкүн. Себеби, алтынчы атам Калыгул Бай уулу болот. Демек, канымда ырдын учкундары айланып турса керек.

—ЖМКларга берген маектериӊде, жазган ырларыӊда сүйүү темасын көп окуп калабыз. Албетте, сүйүү бүтпөгөн тема деӊизчи.   Айтор, “Сүйүүнүн мастериндей” дегендей … Поэзияда эӊ эле жактырган темаларыӊдын бири ушулбу? Же буга дагы башка себептер барбы?

—Өткөндө бирөө сени көрсөм сүйүүнү элестетем дейт (күлүп). Аны сыңары мени эфирге чакырса да, жөн гана сүйлөшсө да сүйүү тууралуу сүйлөшөт. А тургай дос кыздарым да сүйүүгө байланыштуу кеңештерди көп сурайт. Балким жазган ырларымдын көбү сүйүүгө байланыштуу болгон үчүн да болсо керек. Сүйүү жөнүндө ыр жазайын деп атайын сүйүү темасына токтолбойм. Ыр өзү келет. Болгону ошону жазып коём. Жан дүйнөмө урунган, ойго салган нерсе сүйүү окшойт да чамасы (күлүп).

Ы. Изатова: Тарых далилдейт. Мен деле кыйын болуп интервью берип жатканым менен тарыхта каламбы жокпу аны мезгил, окурман таразалайт да. 

—Материалдык байлыкка басым жасалып калган жашоодо поэзия, деги эле көркөм дүйнө онунчу маселеге айланып калды дегендер да аз эмес, андай эмес бул маселе нормалдуу эле болуп, поэзия, проза өз деӊгээлинде окулуп жатат дегендер да жетиштүү. Чынында акын болгон соӊ бул маселени жон териӊ менен сезип жатсаӊ керек. Пикириӊди уксак…

Азыр бирөө бирөөгө милдеттүү эмес. Ырга кызыккан, китеп окуган жаштарыбыз арбын. Көзүм менен көрүп эле жүрөм. Жөн эле нааразы боло берген болбойт. Кудайга шүгүр китептерибиз өтүп жатат. Демек, окуп жатканы анык да.

—Адабиятта сын  күчтүү болмоюнча, адабияттын, жазмакерлердин өнүгүүсү кыйын эмеспи. Бизде сын жазгандар дээрлик жоголуп, баары эле, жок дегенде экинин бири ыр жазып кетишти…

Ооба, китеп чыгарып, ыр жазгандар арбын. Болгону адамда көркөм табит болуш керек. Табитине жараша иргеп окуп алат. Эч ким аны мобу китепти оку деп зордобойт да. Талантынан да амбициясы ашып-ташкандар арбын. Телевизорго, гезитке чыксак деп жулунгандарын көрүп жүрөбүз. Окурмандар иргесе болду. Тарых далилдейт. Мен деле кыйын болуп интервью берип жатканым менен тарыхта каламбы жокпу аны мезгил, окурман таразалайт да. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here