Ырысгүл Изатованын “Мономуза” аттуу китебине кирген айырым ырлары:

ТҮЙШӨЛҮҮ

Терезеден тийип бетке күн нуру,

Таттуу уйкумдан жаңы гана ойгондум.

«Аткан таңды кандай тосуп алды?..» — деп,

Ачып көздү, дароо сизди ойлондум.

Болоор-болбос көйгөйлөргө түйшөлүп,

Билбейм, балким кабагыңыз чыгаар суз.

Бүтпөй калган ишиңизге шашылып,

Бүгүн дагы эрте турган чыгаарсыз…

Күчөп улам сагынычым сиз деген,

Көөдөнүмө жыйылууда толуп муң.

Койсо эгер тагдыр менин эркиме,

Келээр эле азыр сизге жолуккум.

Кездешүүнүн бир айласын таба албай,

Күн-түн дебей ичтен сызып, толгонуу.

Жашоо токтоп калмайынча иш бүтпөйт,

«Жолугалы?»- деп койсоңуз болгону.

АЯЧЫ

Бүтөй албай көңүлдөрдүн сыныгын,

Баскан жолдор багыты жок анчейин.

Баштан ашып турса дагы кылыгың,

Башка жанды сүйө албасам кантейин?!

Кабагым да ачылбастан суз тартып,

Каалоосу жок жашап жаткан кез бүгүн.

Канча жанды жүргөн менен суктантып,

Кайгы-муңда өтүп барат мезгилим.

Асыл адам акыр айтаар сөзүм бу:

— Арбып барат жүрөгүмдүн жарасы,

Ченеми жок сүйсөм деле өзүңдү,

Чоочун жандай болуп турам карачы.

Мени бир аз, мени бир аз аячы…

ЖАТ АДАМ

Жашымдан жолдоштой муң мага,

Жолумдан адашкам мурда да…

Булуттай буркурап ыйласам,

Бугумду бөлүшөт ыр гана!

Ачылбас асмандай түнөрүп,

Аялуу сезимим “тирүү өлүк”.

Өмүрүм шам чырак майындай,

Өксүүдөн кетпесин түгөнүп.

Күндөрүм күйүткө жалгашкан,

Күбүлүп дүйнөмдөн шаң качкан.

Кам көргөн күнөөсүз бирөөнү,

Коркомун калп эле жандаштан.

Жүрөктү байырлап жашаган,

Жүдөткөн санаадан жаш алам.

Башкарып жүргөнсүйт акылды,

Баягы мен эмес жат адам.

КЫШ СЕЗИМ

Канымда айланып жалын от,

Кызыксыз сезилип бары-жок.

Жашаймын күтүүдөн тажабай,

Жолубуз тосулуу а бирок.

Камоодо белгисиз чек мени,

Күйүткө аз калдым чөккөнү.

Бел байлап турсам да бакытка,

Баардыгы биз үчүн чектелүү.

Удургуп ой-санаам сел сындуу,

Ушул кыш – канатым мертинди.

Жат боло түшпөңүз заматта,

Жыйгыча чыйралып эркимди.

Бастырбай алдыга тороп муң,

Билинбей көп мезгил короттум.

Көөдөндөн үмүтүм өчкүчө,

Келбейт эч, мен сизди жоготкум!

КЕЧИРГИЛЕ УНУТКАНЧА

Жүрөккө өз өкүмүн буйрук кылып,

Жүрөт ал сезимимди буюктуруп.

Баш тартпай койдум бирок, андан такыр,

Башканы сүйсө деле билип туруп.

Жадатты жан дүйнөмдүн кыйналганы,

Же тагдыр мага бакыт ыйгарбады.

Армандуу жазылганга айыптуудай,

Ыйлашат кагазымда ырлар дагы.

Түбү жок терең ойго тунуп канча,

Жашыймын, жашын төккөн булуттарча?!

Оо ырлар, кечиргиле, кечиргиле,

Мен эми ал адамды унутканча.

БАКЫТ МАГА

Угуп дайым суктанасың сырдаш жан,

“Кандай гана бактылуу!”- деп ыр жазган.

Башкалардай бакыт бербей а мага,

Берген тура багытымды ыр жактан.

Эсептебейм жазганымды бакыт деп,

Айтпа курбум, мындан башка ашык кеп.

Ыр жазылган барактарды берейин,

Айры, өрттө, же кааласаң чачып кет!..

… Баркталбаган сүйүүсүнө мас болгон,

Көргөм далай каректерди жаш толгон.

Жазгандарын бийик көрүп жашоодо,

Бакка тунган акын кыздар аз болгон…

Ишенимсиз, татаал, тайкы жол баскан,

Издебеймин таалайымды жок жактан.

Бар түйшүгүн моюнга алып бир үйдүн,

Бакыт мага коломтого от жаккан.

                                                                                         Багыт. кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here